Кабыр абалдары (2)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Dec 15, 2025, 3:19:51 AM12/15/25
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Кабыр абалдары (2)

 

Жаратылган жандуулардын бардыгы машхарда жыйналат. Ар бир адамдын амал дептери учуп ээсине келет. Аларды Аллаху таала жүзөгө ашырат. Ушулардын боло тургандыгы тууралуу Аллаху тааланын Расулу кабар берген. Анын айткандары туура. Алардын баары милдеттүү түрдө жүзөгө ашат.

Жакшы адамдардын амал дептерлери оң жагынан, жаман адамдардын амал дептерлери аркасынан же сол жагынан берилет. Жакшы, жаман, чоң, кичине, ачык, жашыруун кылынган бардык амалдар дептерге жазылган болот. Кираман катибин периштелери билбей турган иштер адам мүчөлөрүнүн билдирүүсү жана Аллаху тааланын билдирүүсү менен белгилүү болуп, бардык нерседен суракка тартылат. Махшарда Аллаху тааланын каалаган жашыруун нерсеси ачыкка чыгат. Периштелерден: "Асманда, жерде эмне кылдыңар?” – деп, пайгамбарлардан: "Аллаху тааланын буйруктарын анын пенделерине кандай жеткирдиңер?” - деп, адамдардан: "Пайгамбарларга кандай моюн сундуңар, милдеттериңерди кандай орундадыңар?” – деп суралат. Махшарда жакшылык кылган адамдар сый-урматка бөлөнүп, жамандык кылган адамдар оор азапка учурашат.

Аллаху таала каалаган ыймандуулардын күнөөлөрүн кечирүүсү мүмкүн. Аллахка шерик кошуу жана күфүрдөн башка бардык күнөөлөрдү кааласа кечирет. Кааласа кичинекей күнөөлөрдөн улам да азап берет. Мушрик жана ыйман келтирбегендерди эч качан кечирбей турганын билдирген. Китептүү, китепсиз мусулман эместер, башкача айтканда, Мухаммед алейхиссаламдын бүткүл адамзаттын Пайгамбары экендигине ишенбеген, ал билдирген өкүмдөрдүн бирөөсүн болсо да жактырбаган адамдар ошол абалдары менен өлө турган болсо, сөзсүз түрдө Тозокто түбөлүк азап чегет.

Кыямат күнүндө амалдарды өлчөй турган, биз билбеген өлчөө куралы – "Мийзан” (тараза) бар. Жер да, асман да бир тарабына бата тургандай өтө чоң болот. Сооп жагы жарык, Арштын оң жагында, Бейиш тарабында. Күнөө жагы караңгы, Арштын сол жагында, Тозок тарабында. Дүнүйөдө кылынган иштер, айтылган сөздөр, ой-пикир, көз караштар ошол жерде көз менен көрүлө тургандай абалга келтирилет. Сооптуу иштер жарык, ал эми күнөөлөр караңгы, жийиркеничтүү түс алып, таразага тартылат. Бул тараза дүнүйөдөгү таразага окшобойт. Оор жагы жогору көтөрүлөт. Жеңил жагы төмөн түшөт деп айтылган. Ахли сүннөттүн кээ бир аалымдары бир нече тараза болот деп айтышкан. Көпчүлүгү таразанын канча жана кандай тартыла тургандыгын динде ачык билдирилбегенин айтып, бул тууралуу ойлонбоо керек экенин билдиришкен.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages