Ахли сүннөт акыйдасы (ишеними) (2)

1 view
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jun 26, 2026, 5:35:19 AM (2 days ago) Jun 26
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Ахли сүннөт акыйдасы (ишеними) (2)

 

Расулуллахтан кийин төрт халифанын (Хазрети Абу Бакр, Умар, Осман, Али (радыяллаху анхум) ар бири ушул үч милдетти толук орундашкан. Хазрети Хасандын (радыяллаху анх) имамдыгы кезинде бөлүнүүлөр, бидаттар көбөйдү. Ислам үч тарапка жайылды. Расулуллахтын нуру жер бетинен алыстады. Сахабалар (радыяллаху анхум) азайды. Бул үч милдетти бир адам аткара албай турган абалга келип калды. Ошондуктан, ошол үч милдет башка-башка үч топко бөлүндү. Илимде "Усул жана Фуру өкүмдөрү деп аталган ыйман жана фикх өкүмдөрүн үйрөтүү милдети дин имамдарына, башкача айтканда, мужтахиддерге жүктөлдү. Алардан ыйманды үйрөтө тургандары "Мутакаллимин”, фикхты үйрөткөндөр "Фукаха” деп аталды. Экинчи милдет – каалаган мусулмандарга Курандын руханий жогорку өкүмдөрүн үйрөтүү милдети ахли бейттин он эки имамы жана тасаввуф (сопулук) жолундагы аалымдарга жүктөлдү. Улуу олуялар Жунейд Багдади менен Сырри Секати алардын катарына кирет.

Үчүнчү милдет – диний өкүмдөрдү күч жана бийлик аркылуу орундоо иши падышалар менен султандарга, башкача айтканда, өкмөт ээлерине жүктөлдү. Биринчи топтун бөлүмдөрү "Мазхаб”, экинчиси "Тарикат”, үчүнчүсү "Мыйзам” деп аталды. Ыйманды билдирген мазхабдар "Итикадда мазхаб” (башкача айтканда, ишенимдеги мазхаб) деп аталат. Итикад мазхабдарынын 73 топко бөлүнө тургандыгын, алардын бирөө гана туура, калгандарынын жаңылыш экенин Пайгамбарыбыз кабар берген эле. Ал дал ошондой болду. Туура жолда экендиги кабар берилген топ "Ахли сүннөт вал жамаат” мазхабы деп аталат. Туура эместиги айтылган 72 топ "бидат топтор” деп аталат. Булардын бардыгы мусулман болуп саналат. Ал эми, 72 бидат жолдун бирин карманган адам Куран жана хадистерде ачык билдирилген жана мусулмандар арасында жайылган илимдин бирине ишенбесе, капыр болот. Азыркы кезде ахли сүннөт мазхабынан чыгып, жолдон тайган же капыр болгон, мусулман деп аталган адамдар көп кездешет.

Имам Мухаммед Биргивинин "Тарикат-уль-Мухаммадиййа” деп аталган китебинде жана ошол китептин шархы (түшүндүрмөсү) болгон "Барика” жана "Хадика” китептеринде мындай айтылган: "Имам Бухари жана Имам Муслим тарабынан билдирилген хадисте: "Ушундай бир заман келет, менин үммөтүм Исраил уулдары (башкача айтканда, яхудилер жана християндар) сыяктуу болушат. Бир жуп бут кийим сыяктуу аларга окшош болушат. Алардын бири өз энеси менен зина кылса, үммөтүмдөн да ошол сыяктуу иштерди жасагандар кездешет. Исраил уулдары 72 топко бөлүндү. Менин үммөтүм 73 топко бөлүнөт. Алардын 72си жаңылыш ишенимдерине байланыштуу Жаханнамга барат. Бирөө гана Жаханнамга барбайт. Ал – менин жана сахабаларымдын жолун кармангандар”, -деп айтылган. Исраил уулдарынын Муса алейхиссаламдан кийин 71, Иса алейхиссаламдан кийин 72 топко бөлүнгөндүгү тууралуу "Милал ва Нихал” жана "Барика” китептеринде жазылган. Ишенимдерине байланыштуу Жаханнамдан кутула турган жалгыз топ "Ахли суннат вал жамаат” деп аталат. 72 топтун ар бири өзүнүн ахли сүннөт экендигин айтып кубанууда. Жаннатка бара тургандыгына ишенүүдө. Ал эми, карманган жолун туура деп ойлоо, айтуу адамдын туура жолдо экенин көрсөтпөйт. Чыныгы туура жолдо болуу сөздөр менен иштердин аяттарга жана сахих хадистерге ылайык болуусу менен түшүнүлөт.

Ахли сүннөт мазхабы Матуруди жана Ашари болуп эки бөлөк ысым менен аталса да, экөөнүн негизи бир болгондуктан жана бири-бирине каршы келбегендиктен бир деп эсептелет. Ахли сүннөт тобу ибадатта жана башка иштерде төрт мазхабга бөлүнөт. Төртөөнүн имамдары бирдей болгондуктан бардыгы бир жол. Алар аяттар жана хадиси шарифтерде ачык билдирилбеген өкүмдөр маселесинде бири-биринен бөлүнгөн. Төртөө да бул өкүмдөрдү түшүнүү үчүн ижтихад кылган, күч жумшаган (Ислам укугунда "ижтихад” – аяттар менен хадиси шарифтерден маанилери ачыкча билдирилбегендерин ачык билдирилген башка диний өкүмдөр менен салыштыруу аркылуу жана өкүмдөр чыкарууга аракет кылуу, күч жумшоо болуп саналат). Аны ар бири ар кандай түшүнгөн. Бул мазхабдардын Курани карим менен хадиси шарифтерде ачык айкын билдирилген өкүмдөрдө бири-биринен айырмачылыгы жок. Маанилери ачык түрдө билдирилген аяттар жана хадистерде ижтихад кылынбайт. Ыйманга байланыштуу өкүмдөр арасында ачык билдирилбеген маселелерде ижтихид кылам деп жаңылган адам кечирилбейт. Ушундай жаңылган, ишеними бузулган 72 топ "бидат ээси” деп аталат. Бирок, алар "капыр” деп аталбайт. Ислам дининде ачык айкын билдирилген өкүмдөрдүн бирине ишенбөө - адамдын ыйманын кетирет. Ал адам капыр болот. Жаңылыш өкүм чыгарып, ыймандан айрылгандар "мулхид” деп аталат. Адашкан жетимиш эки топтун ичиндеги Батини, Мужассима, Мушаббиха жана Ваххабилердин бир бөлүгүнүн жана Ибахи тобунун мулхид экендиги "Радд-ул-мухтар” жана "Нимат-и Ислам” китептеринде жазылган...




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages