Намаз бүткөндө орундала турчулар
Суроо: Намазды бүтүргөндө, мисалы, бешим намазынын соңку сүннөтүн да окугандан кийин эмнелер окулат, бул окулгандардын кезеги барбы, эмнелерге көңүл бөлүү керек?
ЖООП: Бул темада Мифтах-ул Жаннат китебинде намаздын адеби түшүндүрүлүп жатканда мындайча айтылган: 1-Жалгыз же имам менен бирге окуганда саламдан кийин Аллахумма антассаламу ва минкас-саламу табаракта йа зал-жалали вал-икрам деп айтуу. Мындан кийин үч жолу Астагфирул-лахал'азим аллази ла илаха илла хув алхаййалкаййума ва атубу илайх деп айтуу. Бул Истигфар дубасы деп аталат. 2-Мындан кийин Аятал курси окуу. 3-Отуз үч жолу Субханаллах деп айтуу. 4-Отуз үч жолу Алхамдулиллах деп айтуу. 5-Отуз үч жолу Аллаху акбар деп айтуу. 6-Бир жолу Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах лахул мулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шай'ин кадир деп айтуу. 7-Колдорду алдыга созуп, алакандарды дубанын кыбыласы болгон Арш'ка ачып, дуба кылуу. 8-Дубанын акырында амин деп айтуу. 9-Дубанын акырында алаканын жүзүнө сүрүү. 10-Кийин ар биринде Бисмиллах айтып, он бир Ихлас шариф окуу. Кийин бир жолудан Кул'а'узу окуу жана 67 Астагфируллах деп жетимишке толуктоо, он жолу Субханаллах ва би-хамдихи субханаллахил'азим деп айтуу. Кийин Субхана Раббика.. аятын окуу. Булар Меракыл-фалах китебинде да жазылган. Хадиси шарифте: «Беш убакыт парз намаздан кийин кылынган дуба кабыл болот», - деп буюрулган. Бирок, дуба ойгоо көңүл менен үнсүз кылынуусу керек. |
| www.islamdini.kg Диний сурооңуздар үчүн: islamd...@gmail.com |