islamd...@gmail.com |
Пайгамбарларга ишенүү (1)
Ыймандын алты шартынын төртүнчүсү – Аллаху тааланын пайгамбарларына ишенүү. Аллаху таала пайгамбарларды адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн жиберген. Исламда "Расул” сөзү "жаратылышы, мүнөзү, илими жагынан замандаштарынын эң улуусу, жогорусу, кадырлуусу” деген маанини билдирет. Пайгамбарларга "исмат” деген сыпат берилген. Алар пайгамбар болуудан мурда да, кийин да эч кандай күнөө кылышкан эмес. Пайгамбарлардын сыпаттары Пайгамбарларда пайгамбар экендиктери билдирилгенден кийин дүлөйлүк, сокурдук сыяктуу кемчиликтер болбойт. Ар бир пайгамбарда төмөндөгү жети сыпат бар экенине ынануу керек: 1. Аманат: Аманатка кыянат кылышпайт. 2. Сыдк: Сөздөрүндө турушат. Ката сүйлөшпөйт. 3. Таблиг: Аллаху тааланын буюрган жана тыюу салган нерселерин ошол бойдон толугу менен үммөттөрүнө билдиришет. 4. Адилдик: Бардык пайгамбарлар адилеттүү болушкан. 5. Исмат: Күнөөлөрдүн баарынан сактанышкан. Алар пайгамбар боло электе да күнөө кылышкан эмес. 6. Фатанат: Абдан акылдуу жана түшүнүгү мол деген сөз. Бардык адамзаттан акылдуу болот. 7. Эмнул-азл: Пайгамбарлыктан чыкпайт. Жаңы дин алып келген пайгамбарлар "Расул” деп аталат, адамдарга өзүнөн мурда келген динди жеткире турган пайгамбарлар "Наби” деп аталат. Аллахтын динине чакыруу ишинде Расул менен набинин аткара турган кызматтарында айырмачылык жок. Пайгамбарларга ишенүү – алардын баарын садык, чынчыл экенине ишенүү дегенди билдирет. Алардын бирине гана ынанбаган адам алардын эч бирине ынанбаган болот. (Яхудилер Муса алейхиссаламга ынанып, Иса алейхиссалам менен Мухаммед алейхиссаламга ишенишпейт. Християндар болсо, Иса пайгамбарга ынанып, соңку пайгамбар Мухаммед алейхиссаламды моюндашпайт. Ал эми, Муса алейхиссалам да, Иса алейхиссалам да Мухаммед алейхиссаламдын келе тургандыгын үммөттөрүнө кабар берген, Пайгамбарыбыздын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктарын түшүндүрүп беришкен. Мусулмандар Иса алейхиссаламдын да, Муса алейхиссаламдын да пайгамбар экендигине ишенишет.) Пайгамбардык касиетине көп эмгектенүү, көп ибадат кылуу, ачка калуу же азап тартуу аркылуу кол жеткизүү мүмкүн эмес. Жалгыз гана Аллаху тааланын тандоосу жана каалоосу менен болот. Адамдардын дүйнөдөгү жана акыреттеги иштери пайдалуу болушу үчүн жана зыяндуу иштерден сактанып, туура жолдо жүрүп, рахатка жетүүлөрү үчүн пайгамбарлар аркылуу диндер жиберилди. Пайгамбарлар Аллахтын жолунда өзүнө душманчылык кылган заалым адамдардын келтирген зыяндарына, күлкү-мазактоолоруна карабастан, Аллахтын ынануу жана амал кылуу үчүн жиберген буйруктарын үгүттөөдө душмандарынан коркушкан эмес. Аллаху таала пайгамбарлардын чынчыл экенин көрсөтүү үчүн аларды мужизалар менен колдогон. Бул мужизаларга эч ким каршы чыга алган эмес ...
(Уландысы бар...) |
www.islamdini.kg |