islamd...@gmail.com |
Тагдырга ишенүү кандай болот? (3)
Адамдардын ар бир ишин, эрктүү-эрксиз жасай турган бардык аракеттерин жарата турган Аллаху таала кулдарын каалаган аракетин болгузуу үчүн кулдарына ыктыяр, башкача айтканда, тандоо жана ирада (каалоо) өзгөчөлүгүн берген, ошол тандоо менен каалоону иштердин жаратылуусуна себеп кылган. Пенде бир нерсе жасоону кааласа, аны Аллаху таала да кааласа, ошол ишти жаратат. Пенде да, Аллаху таала да каалабаса ал нерсени жаратпайт. Ал нерсе бир гана пенденин каалоосу менен да жаратылбайт. Аллах да кааласа гана жаратылат. Пенделердин каалаган иштерин жаратуусуна, мисалы, от тийгенде күйүүнү жаратканы сыяктуу жүзөгө ашат. Бычак тийгенде кесүүнү жаратат. Кесе турган бычак эмес, Аллаху таала. Бычак – кесүү каражаты. Демек, Ал пенделердин каалаган иштерин алардын кааалоолору, тандоолору менен жаратууда. Ал эми, жаратылыштагы кубулуштар пенделердин каалоолоруна байланыштуу эмес. Алар бир гана Аллаху тааланын каалоосу менен башка себептерге байланыштуу жаратылууда. Асман, жер жана бардык ааламдагы кыймыл-аракеттердин жана кыймылсыздыктардын баары бир гана Аллахтын жаратуусу менен болууда. Андан башка Жаратуучу жок. Бир гана жансыз нерселердин кыймыл-аракеттери жана адам менен жаныбарлардын эрктүү аракеттери арасында да мындай айырмачылыктар бар; адамдар бир нерсе кылууну каалап, аны Аллах да кааласа, адамга ошол нерсени кылууга күч берет, колдойт, ошол ишти жүзөгө ашырат. Кулдун аракет кылуусу анын өзүнүн колунда эмес. Ошондой эле, кандай кыймылдап жатканын да билбейт. Адамдын ар бир аракети көптөгөн физикалык жана химиялык кубулуштар аркылуу жүзөгө ашат. Мындан өзүнүн да кабары болбойт. Жансыз нерселердин аракеттеринде тандоо деген нерсе болбойт. От тийген кезде Аллахтын жагуу, күйүү процессин жаратуусу, оттун күйгүзүүнү каалосу менен жүзөгө ашпайт. Сүйгөн, мээримдүүлүк көрсөткөн кулдарынын жакшы, пайдалуу тилектерин Ал дагы каалап, жүзөгө ашырат. Алардын жаман, зыяндуу тилектерин Ал каалабайт жана орундабайт. Бул пенделерден бир гана пайдалуу иштер жүзөгө ашат. Алар, бир катар тилектеринин жүзөгө ашпагандыгына таарынышат. Бул иштердин натыйжасы ал үчүн зыяндуу боло турганын түшүнгөндө таарынышмак эмес. Тескерисинче, ага кубанып Аллаху таалага шүкүр кылышмак. Аллаху таала адамдардын эрктүү иштерин алардын көңүлдөрү каалагандан кийин жүзөгө ашырууну эзелтеден каалаган. Мурда мындай каалабаган болсо, эрктүү иштерибизди да биз каалабай туруп эле мажбурлап жүзөгө ашырат болчу. Анын эрктүү иштерибизди биз каалагандан кийин жаратуусу – эзелтеден ошондой каалагандыгы үчүн. Демек, биздин каалообуздун үстүндө Анын каалоосу ар дайым өз үстөмдүгүн, Аллахтын абсолюттук ирада ээси экендигин көрсөтүп турат. Пенделердин эрктүү аракеттери эки нерседен турат: Биринчиси – пенденин жүрөгүнүн каалоосу жана күчү. Ошондуктан, пенденин аракеттери "кесб” деп аталат. Кесб – адамдык сапат. Экинчиси: Аллаху тааланын жаратуусу, бар кылуусу. Аллаху тааланын буйруктарды, сооп жана азапты жаратуусу адамда кесб сыпаты болгондуктан жүзөгө ашат. "Саффат” сүрөсүнүн 96-аятында: "Аллаху таала силерди жаратты жана иштериңерди жаратты”, - деп жазылган. Бул аят адам аракеттеринде көңүлүнүн каалоосу жана ирадаи жузийасы (тандоо эркиндиги) бар экендигин билдирет. Мажбурлоонун жок экендигин ачык айкын билдирип турат. Ошол себептен адамдын иши деп аталат. Кулдун иши жасалуусу үчүн алгач бул ишти кулдун жүрөгү каалоосу керек. Кул күчү жеткен нерсени каалайт. Бул каалоо "кесб” деп аталат. Хазрети Амиди бул кесбдин иштердин жаратылуусунун себеби, таасири экенин айтат. Кул каалаган нерсесинин бардыгын жасай албайт. Кээде каалабаган нерселеринин да орундалуусу, жаратылуусу мүмкүн. Кулдун каалагандарынын бардыгын жасап, каалабагандарын болтурбай коюусу кулдукка жатпайт, кудуретке таандык нерселер болуп саналат…
(Уландысы бар ...) |
www.islamdini.kg |