islamd...@gmail.com |
Белектериң даяр болсо (2)
Мизандын белеги: 1- Амалын ихлас менен кылуу. 2- Башкага кыйынчылык берүүдөн сактануу. 3- Көркөм ахлак ээси болуу. 4- Аллахты көп зикир кылуу.
Сырат көпүрөсүнүн белеги: 1- Ачуусун жутуу, ачууланбоо. 2- Такыбаа ээси болуу. 3- Жамаатты улантуу. 4- Ибадаттарды токтотпостон улантуу.
Маликтин белектери: 1- Аллахтан коркуп ыйлоо. 2- Жашыруун садака берүү. 3- Каршы чыгууну таштоо. 4- Эне-атага жакшылык кылуу.
Жаннат периштеси Рыдвандын белеги: 1- Жамандыктандан сактануу. 2- Нематтарга шүгүр кылуу. 3- Малын Аллах жолунда сарптоо. 4- Аманатты коргоо.
Рухтун белеги: 1- Аз жеш. 2- Аз сүйлөө. 3- Аз уктоо. 4- Истигфарды улантуу.
Пайгамбардын белеги: 1- Ахли бейтти сүйүү. 2- Сүннөткө уюу. 3- Пайгамбардын сүйгөндөрүн сүйүү. 4- Асхабы кирамды сүйүү.
Аллаху зулжалалдын белектери: 1- Аллахтын буйруктарын орундоо. 2- Тыюу салган нерселеринен сактануу. 3- Адамдарга насаат айтуу. 4- Бардык макулуктарга карата мээримдүү болуу. Эгер буларга даяр болсоң өлүмдү тилесең болот.
|
www.islamdini.kg |