Сырат көпүрөсү

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Dec 18, 2025, 4:04:26 AM12/18/25
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Сырат көпүрөсү

 

Сырат көпүрөсү – бул акыйкат. Аллаху тааланын буйругу менен Тозоктун үстүнө курулат. Адамдардын бардыгына ошол көпүрөдөн өтүү буюрулат. Ошол күндө бардык пайгамбарлар: "Эй, Раббим, амандык бер!” – деп жалбарышат. Бейишке бара тургандар көпүрөдөн оңой өтүшөт. Алардын кээ бири чагылгандай, кээ бири желдей ылдам жана кээ бири чапкан аттай тез өтөт. Сырат көпүрөсү кылдан ичке, кылычтан өткүр. Бул дүнүйөдө Исламды кармануу да ушуга окшош. Исламды толук карманууга аракет кылуу – Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыякту. Бул жерде напси менен күрөшүп, анын азгыруусуна берилбей, ошол кыйынчылыктарга сабыр кылгандар сыраттан оңой жана жеңил өтүшөт. Ислам динин туура карманбай, напсине баш ийгендер Сыраттан кыйынчылыктар менен өтүшөт. Ошондуктан, Аллаху таала Исламдын билдирген туура жолун "сырати мустаким” деп атаган. Аталыштардын бири-бирине окшоштугу Ислам жолун кармануу Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыяктуу экендигин көрсөтөт. Тозокко бара тургандар Сыраттан өтө албай, Тозокко түшүшөт.

Сырат көпүрөсү дегенде дүнүйөдөгү көпүрөлөрдү ойлобоо керек. Мисалы: "Класстан класска өтүү үчүн сынак көпүрөсүнөн өтүү керек”, - деп айтылат. Ар бир окуучу сынак көпүрөсүнөн өтүүгө милдеттүү болгондугу үчүн биз муну көпүрө дейбиз. Ал эми сынактын көпүрөгө окшоштук жагы албетте, жок. Сынак көпүрөсүнөн өткөндөр боло тургандыгы сыяктуу өтө албай кулай тургандар да болот. Бирок, бул кулоо көпүрөдөн сууга кулоого таптакыр окшобойт. Сынак көпүрөсүнүн кандай экендигин ал жерден өткөндөр билет. Сырат көпүрөсүнөн да адамдардын бардыгы өтөт. Кээ бирөөлөрү болсо өтө албай Тозокко кулайт. Демек, бул көпүрө, ал жерден өтүү, Тозокко кулоо дүнүйө көпүрөлөрүн менен сынак көпүрөлөрүнө окшобойт.

 

Сырат көпүрөсүндө жети суроо берилет

 

1) Ыйман. 2) Намаз. 3) Орозо. 4) Ажылык. 5) Зекет. 6) Кул акысы. 7) Гусул, истинжа жана даарат. Ушул жети суроого жооп бере алгандар гана көпүрөдөн өтө алат.

Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа саллаллаху алейхи васалламга таандык "хаузи кавсар” (кавсар көлү) бар. Чоңдугу бир айлык жолдой. Суусу сүттөй аппак, даамы керемет. Тегерегиндеги чынылардын саны жылдыздардын санынан көп болот. Андан бир жолу ичкен адам Тозокто болсо да кайра суусабайт.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages