islamd...@gmail.com |
Ыйманды жалтыратуу үчүн
Суроо: Ыйманды кубаттандырып, жалтыратуу үчүн эмне кылуу керек?
ЖООП: Ыйманды кубаттандырган, даамын сездирген, жалтыраткан нерселер көп. Алардын айрымдары төмөнкүлөр: 1- Көркөм ахлактуу болуу. 2-Дайыма Аллаху тааланы эстөө. 3- Ихластуу болуу. 4- Жоомарт болуу. 5- Өз ыктыярынан сырткары чоң кыйынчылыктарга кабылуу. (Салих адам тууралуу) 6-Харамдардан сактануу. 7-Күфүргө кабылуудан катуу коркуу. 8-Жакшы көргөн нерсесин Аллах үчүн жакшы көрүү, жаман көргөн несесин Аллах үчүн жаман көрүү. 9-Салих болуу. 10-Намазга чоң маани берүү. Бул маселеге байланыштуу кээ бир хадиси шарифтер төмөнкүчө: "Куран окуу жана Аллахты зикир кылуу ыйманды кубаттандырат.” [Дайлами] "Мусулман жоомарт адамдын ыйманы кубаттуу.” [Дайлами] "Аллахтан коркуп харамды карабаган адам ыйманынын даамын татат.” [Табарани] "Үч нерсе ыймандын даамын арттырат: Аллахты жана Анын Расулун баарынан артык сүйүү, өзүн сүйбөгөн мусулманды Аллахтын ыраазылыгы үчүн сүйүү жана Аллахтын душмандарын сүйбөө.” [Табарани] "Жакшылык кылганда сүйүнгөн, күнөө кылганда кайгырган адам ыймандуу.” [Табарани] "Дааратын жаңырткан адамдын ыйманы жаңырган [жаркыраган] болот.” [И. Газали] "Куран окуу жана зикир ыйманды кубаттандырат.” [Дайлами] "Каерде болсо да Аллаху тааланы унутпаган адамдын ыйманы кубаттуу.” [Байхаки] Эртең менен жана кечинде төмөнкү дубаны окуган адам ширктен сактанган болот жана ыйманы кубаттанат. "Аллахумма инни аъузу бика мин ан-ушрика бика шай-ан ва ана аъламу ва астагфиру-ка ли-ма ла-аъламу иннака анта алламулгуйуб.” [И. Ахмед] Эгер бир ишти тигиндей кылсак дүнүйөлүк пайдабыз боло турганы, башкача кылсак акыреттик пайдабыз боло турганы билинсе, биз болсо акыреттик пайданы тандай алсак ыйманыбыздын кубаттуу экендиги, дүнүйөлүк кызыкчылыктарды тандап жатсак ыйманыбыздын алсыз экендиги түшүнүлөт. Эгер бардык ибадаттар, соода-сатыктар, ар бир иш Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылынып жаткан болсо ыйманды сактайт, кубаттандырат жана жалтыратат. Ыйманды сактоо үчүн ихлас менен ибадат кылуу керек. Булар жүрөктү жалтыратат. Ихлас менен улуулар менен байланышуу, мисалы, сукбаттарына катышуу, китептерин окуу, аларды ойлоо да жүрөктү жалтыратат. Жүрөгү жалтыраган адам ыйманын сактайт.
Олуялардын баяндарын окуу, угуу сүйүүнү арттырат. Кутман сахабалардын баяндары ыйманды кубаттандырат, күнөөлөрдү ээритет. (Олуялар Энциклопедиясы) |
www.islamdini.kg |