islamd...@gmail.com |
Эң жакшы жана эң жаман эки сапат
Хазрети Расулуллах (алейхиссалам) айтты: "Бул эки сапаттан өткөн жакшы нерсе жок: Аллаху таалага ыйман келтирүү жана мусулмандарга (сөз, мансап, мал-мүлк же дене менен) пайдалуу болуу. Бул экөөнөн да өткөн жаман нерсе жок: Аллаху таалага шерик кошуу жана мусулмандарга (денелерине жана мал-мүлктөрүнө) зыян келтирүү.” Аллаху тааланын бардык буйруктары, жыйынтыгында ушул эки нерседен турат: Аллаху таалага таазим жана Анын пенделерине боорукердик. Хазрети Расулуллах (алейхиссалам) айтты: "Илими менен амал кылган аалымдардын жыйындарында болгула. Хакимдердин (Аллаху тааланы тааныган, сөздөрүндө жана иштеринде туура болгон аалымдардын) сөздөрүн жакшылап уккула. Анткени, Аллаху таала өлүк топуракты жамгыр суусу менен тирилткендей эле, хикмет (пайдалуу илим) нуру менен да өлүк жүрөктү тирилтет.” Таберани (радыяллаху анх) Имам Азам Абу Ханифанын (радыяллаху анх) мындай сөзүн риваят кылат: "Улуулардын жыйынында болгула, аалымдардан сурагыла, хакимдер менен отуруп-тургула”. Аалымдар үч түргө бөлүнөт. Алар: 1-Аллаху таала билдирген өкүмдөрдү билген аалымдар. Булар фикх аалымдары. 2- Ариф-и биллах болгон аалымдар. Булар менен бирге болуу жүрөктөрдү мамрифатуллах менен, сырларды Аллаху тааланын желал нуру менен жарык кылат. 3-Бул эки бөлүктү тең билген аалымдар. Булар менен бирге болуу адамды жогорку жана баалуу абалдарга жеткирет. Назар берген пайда сөздүн берген пайдасынан да жогору. Көз карашы пайда бергендин сөздөрү да пайда берет. Тескерисинче да болот. Башкача айтканда, назары пайда бербегендин сөзү пайда бербейт, таасир этпейт. Расулуллах (алейхиссалам) айтты: "Үммөтүмө ушундай бир заман келет, аалымдардан качышат. Аллаху таала да аларга үч балээ берет: 1-Аллаху таала алардын тапкан кирешелеринен берекени алып коёт. 2-Аларга заалым бир султанды башчы кылат. 3-Алардын бир бөлүгү дүнүйөдөн ыймансыз кетет.” Абу Бакр (радыяллаху анх) айтты: "Кабырга азыксыз, салих амалы жок кирген адам деңизге кемесиз киргенге окшош.” Омар (радыяллаху анх) айтты: "Дүнүйөнүн ызааты мал менен, акыреттин ызааты салих амал менен”. Башкача айтканда, дүнүйө иштери мал менен күчтүү болот жана жакшы жүрөт. Акырет иштери болсо салих амалдар менен күч табат жана жакшы болот.” Абдулмути Семлави накыл кылган: Расулуллах (алейхиссалам) Жабраилге (алейхиссалам) айтты: "Мага Омардын жакшылыктарын айтып бер”. Жабраил (алейхиссалам): "Деңиздер сыя, дарактар калем болсо да Омардын жакшылыктарын айтып бере албайт элем”, - деди. Расули акрам (алейхиссалам) дагы Жабраилге: "Мага Абу Бакрдын жакшылыктарын айтып бер”, - деп буюрганда, Жабраил (алейхиссалам): "Омар (радыяллаху анх) Абу Бакрдын жакшылыктарынын бири болуп саналат”, - деди. Осман (радыяллаху анх) айтты: "Дүнүйө кайгысы жүрөктө караңгылык, акырет кайгысы болсо жүрөктө нур.” Башкача айтканда, дүнүйө иштерине байланыштуу кайгы жүрөктү караңгылатат. Акырет иштерине байланыштуу кайгы болсо жүрөктү нурдантат. Аллахым! Дүнүйөнү бизге эң чоң кайгы кылба. Омин. Али (радыяллаху анх) айтты: "Ким Бейишти талап кылса Бейиш да аны талап кылат. Ким күнөөнүн артында болсо Тозок аны каалайт.” Башкача айтканда, акыл-эси ордунда болгон ар бир адам сөзсүз билиши керек болгон пайдалуу илимди үйрөнүү менен алек болсо, бул билимдерди издесе жана кааласа анда ал адам чындыгында Бейишти, Аллаху тааланын ыраазылыгын каалаган болуп саналат. Ким күнөө болгон нерселерди кааласа, чындыгында Тозокту жана Аллаху тааланын каарын каалаган болуп саналат.” |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Эне-атага кызмат Ыймандан кийинки биринчи вазыйпабыз – эне-атанын көңүлүн оорутпоо. Алар канчалык жаман болсо дагы бардык нерсенин үстүндө акылары бар. Алардын көңүлүн ооруткан адамдын ибадаты кабыл болбойт. Мусулман болуп туулуубузга жана мусулман болуп чоңойуубузга себепчи болгон эне-атабыздын көңүлүн оорутсак Жаннатка кирүүнү ойлой алабызбы? Мусулман эне-атабыз бизден ыраазы болмоюнча Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болуубуз өтө кыйын. Жакшылык кылып, алардын ыраазылыгын алууга аракет кылуу керек! Аллаху таала: «Эне-атага жакшылык кылгыла», - деп буюрууда. (Ниса 36, Энам 151, Анкебут 8) Хадиси шарифтерде дагы буюрулду: «Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү берекелүү жана узун болот. Аларга каршы чыккандын, аси болгондун өмүрү берекесиз жана кыска болот.» [Эййухел велед Илм.] «Эне-атасы жанында карыса дагы [алардын ыраазылыгын алалбай] Жаннатты таба албагандын мурду сүртүлсүн.» [Тирмизи] "Жихад фисебилиллах [Аллах жолунда] бир гана кылыч шилтөө эмес. Эне-атаны же балдарын кароо дагы жихад. Айрыкча, бирөөнө муктаж болбоо үчүн эмгектенүү дагы жихад.» [Дайлами] Эне-атанын жүзүн кабакты бүркөп карабоо керек, мээрим жана сүйүү менен кароо керек! Хадиси шарифтерде айтылууда: «Эне-атанын жүзүн мээрим менен караганга кабыл болгон бир ажылык сообу жазылат.» [И.Рафии] «Жанында алуучу менен сатуучунун арасында турган кулдай болуп турбаган адам атасынын акысын өтөй албайт.» [И. Газали] Баланын эне-атасына сүйүү менен кароосу үчүн кабыл кылынган бир ажылык сообу билдирилгенде ошол жердегилер «Күндө миң жолу ушинтип караса дагы ушул соопко жетеби?» - деп сурашканда Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Күндө жүз миң жолу караса да», - деп буюрду. (Шир’а) Олуялардын улууларынан бири нафил ажылыкка баруу үчүн жолго чыгат. Ортодо Багдадга кайрылат. Ал жерде Абу Хазым-ы Мекки хазреттерин зыярат кылууга барат. Ошол маалда уктап жаткан эле. Бираз күттү. Ойгонор замат мындай деп айтты: - Азыр Расулуллах алейхиссаламды түшүмдө көрдүм. Мага сен тууралуу «Энесинин акысына көз салсын, бул ажылык кылуудан да жакшы» деген кабарын жеткирүүмдү буюрду. Ушундан кийин ажыга бараткан зат артка кайра кайтып, өмүрү боюнча энесине кызмат кылып, дубасына ээ болду. |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Адамдарга жакшылык кылуу
Мухаммед Масум хазреттери айтат: Өмүр кыска. Түбөлүктүү болгон акырет жашоосунда адам туш боло турган нерселер бул дүнүйөдө кандай абалда жашаганына жараша болот. Акылдуу, келечекти көрө алган бир адам кыска дүнүйөдө дайыма акыретте жакшы жана ырахат жашоого себеп болчу иштерди жасайт. Адамдарга кызмат кылуу үчүн эмгектенет. Адамдарга жакшылык кылуу акыретте азаптан кутулууга жана Бейиш нематтарынын көбөйүшүнө себеп болот. Хадиси шарифтерде мындай делген: "Мусулман - мусулмандын боордошу. Аны капа кылбайт, таарынтпайт. Эгер бир адам бир мусулмандын айыбын, кемчилигин жаап-жашырса Аллаху таала кыямат күнү анын айыптарын, кемчиликтерин жаап-жашырат.” [Бухари] "Кээ бир адамдар башкалардын муктаждыктарын кетирүү, аларга жардам берүү үчүн жаратылган. Муктаж болгондор аларга кайрылышат. Акыретте буларга азаптан коркуу жок.” [Табарани] "Аллаху таала кээ бирөөлөргө көп нематтарды берген. Аларды баарына пайдалуу болсун деп жараткан. Бул нематтарды таркатышса азайбайт, таркатышпаса булардан алып, башкаларга берет.” [Табарани] "Бир мусулмандын дин боордошунун муктаждыгын кетирүүсү он жылдык итикафтан жакшы. Аллахтын ыраазылыгы үчүн бир күндүк итикаф болсо адамды Жаханнам отунан өтө алыстатат.” [Табарани] "Дин боордошунун кандайдыр бир жумушун бүтүргөнгө периштелер дуба кылышат. Ал жумушту бүтүрүүгө бара жатканда ар бир кадамы үчүн бир күнөөсү кечирилет жана кыяматта түрдүү нематтарга жетет.” [Ибни Мажа] "Дин боордошунун ырахатка жетүүсүн жана кыйынчылыктан кутулуусу үчүн башкаруучуларга барып аракет кылганга сырат көпүрөсүнөн баарынын буту тайган убакта Аллаху таала ага жардам берет.” [Табарани] "Аллаху тааланын эң сүйгөн иши – бир момунга кийим берүү же тамак беруу же башка бир муктаждыгын кетирүү аркылуу кубантуу.” [Табарани] "Урматсыздык кылганга жумшак мамиле кылган, зулумдук кылганды кечирген, бербегенге берген, ал-ахыбалын сурабаган дос-тууганына кам көргөндөр Жаннатта бийик даражаларга жетет.” [Табарани] "Бир тууганына жылуу жүз көрсөтүү, жакшы нерселерди үйрөтүү, жамандыктан кайтаруу, сураганга жол көрсөтүү, көчөдөгү кир жана зыяндуу нерселерди тазалоо – баары садака.” [Тирмизи] "Салам берип жатканда жылмайган адам садака сообун алат.” [И.А.дунйа] "Сапарда жамааттын мырзасы – аларга кызмат кылуучу. Шейиттиктен башка эч бир амал анын сообуна жетпейт.” [Хаким] "Кимде-ким бир мусулманды кайгыдан арылтып, аны кубантса, Аллаху таала аны кыямат күнүнүн эң кыйын учурларында кайгылардан куткарат.” [Бухари] "Дин боордошуна жардам бергендин жардамчысы - Аллаху таала.” [Муслим] "Адамдардын эң жакшысы – аларга көп пайдалуу болгону.” [Кудаи] "Парздардан кийин Аллаху таала эң жакшы көргөн нерсе – бир момунду кубантуу.” [Табарани] "Ыйманы эң күчтүү болгон адам – ахлагы эң жакшы болгон жана аялына эң жумшак болгон адам.” [Тирмизи] "Убада берем, талашып-тартышпаган, өзүнүкү туура болсо дагы эч кимди таарынтпаган адам Жаннатка кирет.” [Тирмизи] "Момундар бири-бирине болгон сүйүү жана мээримдүүлүк жагынан бир дене сыяктуу. Дененин бир жери ооруса бүткүл дене тынчсызданат. Ошол жерди дарылоо менен алек болушат. Мусулмандар да ушинтип бири-бирине жардам берүүгө шашышат.” [Бухари] "Айланаңдагылар менен жакшы кошуналык кыл жана өзүң үчүн жакшы көргөн нерсеңди башкалар үчүн да жакшы көр. Ошондо мусулман болосуң.” [Хараити] |
www.islamdini.kg |
islamd...@gmail.com |
Аллахтын ахлагы менен ахлактануу
Имам Раббани хазреттери айтат: "Бир адам бир зат менен сүйлөшкөндө эгер көңүлүндө дүнүйөгө деген сүйүү азайып, Аллаху таалага жакындай турган болсо анын керемет ээси, олуя зат экендиги белгилүү болот. Эгер мындай болбой турган болсо ал заттын истидраж көрсөткөн жалганчы адам экендиги белгилүү болот. "Олуя болуу үчүн Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактануу керек”, - деп айтылган. Башкача айтканда, Аллаху тааланын сыпаттарына ылайык сыпаттар олуяда да пайда болот. Бирок, бул окшоштук аталышта гана болот. Сыпаттарынын өзгөчөлүгүндө биргелик болбойт. "Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактангыла” деген буйрукту түшүндүрүп жатып, Хажа М. Париса хазреттери Тахкикат китебинде жазат: "Аллаху тааланын бир сыпаты - Басир. Башкача айтканда, Аллаху таала бардык нерсени көрөт. Бир адамдын калб көзү ачылып, фирасат нуру менен өз кемчиликтерин жана башкалардын мүнөздөрүн көрсө, башкача айтканда, башкаларды өзүнөн жогору көрсө жана Аллаху тааланын дайыма көрүп тургандыгын көз алдына элестетип дайыма Ал жактырган нерселерди аткарса бул сыпат менен ахлактанган болот. Аллаху тааланын бир сыпаты Мумит. Башкача айтканда, өлтүрүүчү дегенди билдирет. Бир адам сүннөттөрдүн ордуна туруп калган бидаттарды жок кылса бул сыпат менен сыпаттанган болот. Бардык сыпаттар булар сыяктуу." "Жахилдер бул ахлактанууну башкача түшүнүшкөн жана жолдон адашышкан. Олуянын өлүлөрдү тирилте тургандыгын, жоголгон нерселерди биле тургандыгын ойлошуп, күнөөгө киришкен.” [Муж. Мект.107] Аллаху тааланын сыпаттарынын бири Саттар. Башкача айтканда, күнөөлөрдү жабуучу. Мусулман адам да дин бир тууганынын кемчиликтерин жаап, жашыруусу керек. Аллаху таала Карим, Рахим. Башкача айтканда ихсаны, мээрими көп. Мусулман адам дагы жоомарт жана мээримдүү болуусу керек! Аллаху таала Жаффар, башкача айтканда кулдарынын күнөөлөрүн кечирүүчү. Мусулмандар да бири-биринин кемчиликтерин кечирүүлөрү керек! Кечирим – бул акысы болгон бир нерсени албай ээсине багыштоо болуп саналат. Аллаху таала кечирүүчү жана кечиримдүү болгондорду жакшы көрөт. Курани каримде: "Кечир, жакшылыкка үндө жана жахилдерден жүзүңдү бур”, - деп буюрууда. (Араф, 199) Хадиси шарифтерде да айтылды: "Кечиргиле, Аллаху таала да силерди кечирсин жана намысыңарды көтөрсүн!” [Исфахани] "Аллах үчүн кечиргенди Аллаху таала бийиктетет, азиз кылат.” [Барика] "Өзүнөн алыстагандарга жакындоо, зулумдук кылгандарды кечирүү, өзүн кыйын абалга калтыргандарга ихсан кылуу көркөм мүнөз болуп саналат.” [И. Эбиддунйа] "Сага зулумдук кылганды кечир, сага келбегенге бар, сага жамандык кылганга сен жакшылык кыл, сага зыяны болсо да сөзсүз чындыкты сүйлө.” [Рузейн] "Муса алейхиссалам: "Йа, Рабби, Сенин алдыңда эң азиз болгон ким?” – деп сурады. Аллаху таала: "Өчүн алууга күчү жетип турса да кечирген адам”, - деп буюрду.” [Хараити] "Аллаху таала мээримдүү болбогон адамга мээримдүүлүк кылбайт, кечирбеген адамды кечирбейт.” [И. Ахмед] "Кечиримге ээ болуу үчүн кечиргиле!” [И. Ахмед] Лукман алейхиссаламдан уулу мындай деп сурайт: -Эң жакшы мүнөз кайсынысы? - Диндар болуу. - Жарайт ата, а эгер бул эки болсочу? - Диндарлык жана малдуу (оокаттуу) болуу. - Үч болсочу? - Диндарлык, мал жана уяттуулук. - Төрт болсочу? - Диндарлык, оокат, мал жана жакшы мүнөз. - Беш болсочу? - Диндарлык, оокат, мал, жакшы мүнөз жана жоомарттык. - Алты болсочу? - Уулум, мына ушул беш сыпат кимде бар болсо, ал адам Аллаху тааланын сүйүктүүсү, такыбаа ээси болот. Шайтандан узак турат. Курани каримде болсо мыйдай деп буюрулат: "Аллахтын алдында эң кадырлууңар такыбаалуу болгонуңар.” [Хужурат, 13] Бир адам асыл тукум үй-бүлөдөн болбосо да жакшы мүнөздүү болсо, ал адамга жакшы мүнөзү жакшы асылдык болуп саналат. Хадиси шарифте айтылды: "Жакшы мүнөз сыяктуу асылдык, бир нерсенин алдын алуу сыяктуу акылдуулук жок.” [Ибни Маже] Жакшы мүнөздүү болгондор адамдардын мактоосуна татыйт. Хадиси шарифте айтылды:
"Мал-оокатыңар менен баарын ыраазы кыла албайсыңар. Жарык жүз жaна жакшы мүнөз менен ыраазы кылууга аракет кылгыла!” [Хаким] |
www.islamdini.kg |