Аллаху тааланын ыраазычылыгы

2 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Aug 27, 2025, 3:03:14 AMAug 27
to islamd...@googlegroups.com

 Диний суроолор үчүн
islamd...@gmail.com

Аллаху тааланын ыраазычылыгы

 

Аллаху таала Муса алейхиссаламдан: "Мен үчүн эмне амал кылдың?”  деп сураганда, ал: "Йа, Раббим! Сен үчүн намаз окудум, орозо кармадым, зекет бердим, ысымыңды көп зикир кылдым”, - деп жооп берди. Аллаху таала айтты: "Эй, Муса! Намаздарың – сага далил. Кармаган орозоң – Тозоктон коргоочу, зекет – кыяматтын ысыгынан коргоочу көлөкө. Менин ысымымды зикир кылууң – кабыр жана кыяматтын караңгылыгынан куткара турган нур. Башкача айтканда, бул амалдарыңдын пайдасы сага тийет. Мен үчүн эмне кылдың?” Муса алейхиссалам: "Йа, Раббим! Сен үчүн эмне кылуу керектигин мага билдирчи!” – деп жалбарат. Аллаху таала: "Эй, Муса! Досторумду Мен үчүн сүйдүңбү? Душмандарыма Мен үчүн душмандык кылдыңбы?” – деп сурады. Муса алейхиссалам Аллах үчүн кылына турган амалдын Анын досторун сүйүү, душмандарына каршы туруу экендигин түшүнөт.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам айткан: "Ыймандын негизги жана эң күчтүү белгиси – мусулмандарды сүйүү жана мусулмандарга душмандык кылгандарга каршы болуу. Аллаху таала Иса алейхиссаламга айтты: "Жер менен асмандагы бардык жаратылгандардын ибадаттарын кылсаң да, Менин досторумду сүйүп, душмандарыма каршы болмоюнча ибадаттарыңдын эч кандай пайдасы жок.

Бардык нерсени бир гана Аллахтын ырызаалыгы үчүн кылуу "Ихлас” (ыкылас) деп аталат. Ыкыластуу мусулман бардык жакшы амалдарды, жакшы иштерди, ибадаттар жана кайрымдуулуктарды, мусулмандарды кубантууну бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылат. Жакшы мусулман Аллаху тааланын көрсөткөн тагдырына ыраазы болот. Жаман адамдар болсо тагдырга ыраазы болбой, кыйын абалга туш келгенде ызы-чуу салышат.




www.islamdini.kg

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages