Илимден бир тамчы

62 views
Skip to first unread message

islamdini.kg

unread,
Jul 1, 2014, 12:48:35 AM7/1/14
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1

Орозолууга макрух болгон жана макрух болбогон нерселер

Суроо: Орозолууга макрух болгон жана болбогон нерселер эмнелер?

ЖООП

Макрух болгондор мына булар:

1- Тиштерди тиш пастасы менен щеткалоо макрух, тиш пастасы жок щеткаласа макрух болбойт.

2- Дары менен ооздуу чайкоо макрух. Эгер ооздогу жара намазда окууга тоскоол болсо дары менен чайкоо макрух болбойт, себеби, үзүр абалы бар.

3- Жунуп болуу ыктымалы болсо аялын өбүү.

4- Рамазан күнү укол алуу, өз каалоосу менен оозу толо кусуу сыяктуу бир себеп менен орозо бузулса, сапардагы жолчу адам шаарына келсе, аялдын хайзы токтосо шамга чейин орозолуу адам сыяктуу сактануулары керек, ичип-жеши макрух болот.

Макрух болбогондор:

1- Түнү ихтилам болуп (гусулу сынып) сахурга турганда имсак убактысына аз калган болсо алгач оозун жууп тамак жесе, имсак чыккандан кийин гусул алса, б.а., орозону жунуп кезде баштаган болсо сахих болот. Кийин гусул алуу жаиз.

2- Бузулса кафарат болбосун деп Рамазан орозосуна имсак убактысынан кийин ниет кылуу жаиз.

3- Рамазанда куптандан кийин аялы менен бирге болсо, кийин кеч маалда уктап бираздан кийин гусул алабыз десе, ойгонгон кездеринде күн чыгып кеткен болсо орозолоруна зыян келбейт, бирок, намаз окуу үчүн биринчи мүмкүнчүлүктө жуунуш керек.

4- Орозонун аксабоосу үчүн хайзды дары менен кечиктирүү жаиз.

Орозо кармоо үчүн жеңилдиктер

Суроо: Орозо кармоо үчүн төмөндөгү жеңилдиктерден пайдалануу жаизби?

1- Суусаганда чаңкоону азайтуу үчүн оозду суу менен чайкоо, сериндөө үчүн башка муздак суу төгүү, муздак суу менен жуунуу.

2- Тамекиге муктаждык сезген кезде тамеки пластырын жабыштыруу.

3- Оорута турган, ревматизм бар жерлерге спрей себүү же мазь сүртүү, жүрөк оорусунда көөдөнгө коюла турчу дары, пластырь колдонуу.

4- Ачкалык сезген кезде эмдөөдө колдонула турган ийнелерди батырып ачкалык сезимин кетирүү же ачкалык лентасын колдонуу (булар ачкалык сезимди дагы кетирет, ары салмак таштоого көмөктөшөт.)

5- Рамазанды аксатпоо, толук кандуу кармоо максаты менен хайзды кечиктирүү үчүн дары колдонуу.

ЖООП

Булардын бардыгы жаиз. Бирок, биринчи болуп саналган жагдай Имам азамдын өкүмүнө карата танзихан макрух, себеби, мындай аракет ибадаттын кыйнагандыгын көрсөтүшү мүмкүн. Имам Абу Юсуфка карата мунун зыяны жок, себеби, мындай кылуу менен ибадатка жардам кылынып, кыйынчылык бир өлчөмдө азайган болот. Имам Абу Юсуфтун кавлына уюлуп, жогорудагылардын бардыгын кылууга болот.

Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

islamdini.kg

unread,
Jul 2, 2014, 12:24:18 AM7/2/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Орозону казага калтыруу

СурооРамазанда ысык күндөрү орозо кармабай, кышында казасы кармалса сообы аз болобу?
ЖООП
Диний бир себеби болбостон орозону казага калтыруу – харам, чоң күнөө. Орозо ибадаты диний бир себеп менен казага калтырылса казасын кармаганда ал киши бир гана жазасынан кутулган болот. Рамазанда бериле турчу соопко ээ боло албайт. Өмүр бою орозо кармаса Рамазанда калмалган бир күндүк орозо сообуна жете албайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан:

«Аллаху таала менин үммөтүмө ыйык Рамазанда беш нерсе ихсан кылат, буларды эч бир пайгамбардын үммөтүнө берген эмес:

1- Рамазандын биринчи түнү орозо кармоого турганга Аллаху таала рахмет менен назар кылат. Рахмет менен назар кылган кул рахметке ээ болгон болот, эч бир коркунуч жок.

2- Ифтар маалы орозолуунун ооз жыты Аллаху таалага бардык жыттан дагы жакшы.

3- Периштелер Рамазандын ар күнү, күнү-түнү орозо кармагандардын кечирилүүлөрү үчүн дуба кылышат. Периштелер күнөөсүз болгондуктары үчүн дубалары кабыл болот.

4- Аллаху таала орозо кармагандарга тийиштүү Жаннатта бир сарай ихсан кылат.

5- Ыйык Рамазандын акыркы күнү орозо кармаган момундардын бардыгын кечирет.» [Байхаки]
«Аллаху таала Рамазандын ар түнү ифтар мезгилинде бир миллион кишини Жаханнамдан азат кылат.» [Дайлами]

islamdini.kg

unread,
Jul 3, 2014, 2:10:06 AM7/3/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Таравих намазы

Таравих намазы - эркектерге да аялдарга да сүннөт болгон намаз. Рамазан айында ар түнү окулат. Жамаат менен окулуусу суннати кифая. Окула турган убактысы куптан намазынын акыркы сүннөтү менен витир намазынын ортосу болуп саналат. Мисалы, таравих намазынын бир бөлүгүнө үлгүрүп, имам менен витир намазын окуган адам таравих намазынын үлгүрбөй калган рекеттерин витирден кийин толуктап окуйт.

Маалында окулбай калган таравих намазынын казасы окулбайт. Казасы окулса нафил болот. Таравих окуган болбойт. Таравих намазы жыйырма рекет.

Витир намазы Рамазан айында гана жамаат менен бирге окулат. Таравих намазын эки рекетте бир салам берип жана ар бир төрт рекетте бир таспих айтып окуу мустахаб. Төрт рекетте бир салам берип окуса да болот. Казасы болгондор бош убактысында беш маал сүннөттөр менен таравих намазынын ордуна каза намаздарын окуп, карыздарын эртерээк бүтүрүп, ошондон кийин бул намаздарга киришүүсү керек. Таравих намазы мечитте жамаат менен окулгандыктан кээ бир кишилердин үйүндө таравих намазын окуулары күнөө болбойт. Бирок, мечиттеги жамаат сообунан куру калат. Үйүндө бир нече киши менен жамаат болуп окугандын сообу жалгыз окугандан жыйырма жети эсе көп болот. Ар бир ифтитах такбиринде ниет кылган жакшы. Куптан намазын жамаат менен окубаган адамдар таравих намазын дагы жамаат менен окуй албайт. Куптанды жамаат менен окуй албаган адам фарзды жалгыз окуп, кийин таравихти жамаат менен окуй алат.

Таравих намазын окуу – суннати муаккада. Расулуллах "алейхиссалам” 3-4 күн таравихти жамаат менен окуп, кийин үйүнөн чыккан эмес. Себебин сураганда мындай деп буюрду:

"Таравих намазынын силерге фарз болуусунан корккондугум үчүн үйдөн чыкпадым.” [Бухари]

Таравихтин 20 рекет болуусу, жамаат менен окулуусу хадиси шариф менен билдирилген. Сүннөт экендиги сахабалардын ижмасы менен бекитилген. ("Мерак-ил фелах” шархы)

Пайгамбарыбыз таравихти 8, 12, 20 рекеттен окуган.

Хазрети Ибни Аббас мындайча билдирген: Расулуллах "алейхиссалам” куптандан кийин, витирден мурда 20 рекет намаз окугандан кийин мындай деп буюрду:

"Рамазанда 20 рекет тарафих намазын окуган адамдын 20 миң күнөөсү кечирилет.” [Ибни Аби Шайба]

Таравихтин 20 рекет экендигине ишенбеген адамдын "адашуучу” экендиги "Нур-ул изах” шархында жазылуу.

Таравих намазынын сүннөт болуусу

Аллаху таала касиеттүү Рамазан айын жиберип ага өзгөчө маани бергенде Хазрети Умар бул чоң ниматтын шүгүрүн өтөө үчүн жыйырма рекет намаз окууну өзүнө милдет деп билди. Сахабалар да муну жактырышты. Жагдайды Пайгамбарыбызга билдиргенде Ал дагы жактырды. Жабраил алейхиссалам келип Пайгамбарыбызга мындай деди:

"Аллаху таала Умардын жана сахабалардын жасаган бул ибадаттарын кабыл кылды. Хатим окугандарды Жаннатка жибере тургандыгына, алардан ыраазы боло тургандыгына сөз берди.” [Э.Ваизин]

Пайгамбарыбыз таравихти эч окубаган болсо да Хулафа-и рашидиндин (төрт улуу халифанын) окуусунун өзү эле сүннөт болуу үчүн жеткиликтүү. Хадиси шарифте: "Менин сүннөтүмө жана менден кийин Хулафа-и рашидиндин сүннөтүн жакшылап кармангыла”, - деп буюрулду. Таравих намазынын жамаат менен окулуусу кифая сүннөт. Б.а., бир элдүү мекенде жамаат менен окулса, калгандары үйүндө окуса сүннөт орундалган болот.

Муаккад сүннөт болгон таравихти колдон чыгарбоо керек. Хадиси шарифте: "Рамазанда ишенип жана сообун ойлоп таравих намазын окугандын өткөн күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылды. [Несаи]

Таравих намазы маанилүү сүннөттөрдөн болуп эсептелет. Рамазанда күндүз орозо кармоо фарз, түндөрүн дагы ибадат менен өткөрүү сүннөт. Хадиси шарифте мындай деп айтылды:

"Аллаху таала силерге Рамазан орозосун фарз, түндөрүн ибадат менен өткөрүүнү сүннөт кылды.”

Таравихте окула турчу дуба жана таспихтер

• Таравихке турган кезде окула турчу дуба:

«Субхана зил мулки вал малакут. Субхана зил иззати вал азамети вал жалали вал жамали вал жабарут. Субханал маликил мавжуд. Субханел маликил мабуд. Субханел маликил хаййиллази ла йанаму ва ла йамут. Суббухун, куддусун Раббуна ва Раббул малаикати варрух.

Мархаба, мархаба, мархаба йа шахри Рамазан. Мархаба, мархаба мархаба йа шахрел-баракати вал гуфран. Мархаба, мархаба, мархаба  йа шахрат-тасбихи ват-тахлили ваз-зикри ва тилаватиль Куран. Аввалуху, ахируху, захируху, батинуху, йа мен ла илахе иллаху»

таспихтери менен дубалары окулат. Айдын 15-нен кийин "Мархабанын” ордуна "Элведа” делинет.

Таравих намазы бүткөндө окула турчу дуба:

• Ар 4 рекеттен кийин :

«Аллахумма салли ала сеййидина Мухаммадин ва ала Аали сеййидина Мухаммад. Би адади кулли даин ва даваин ва барик ва саллим алейхи ва алейхим кесира», - деп окулат.

Бул бөлүм 20 рекеттин акырында 3 жолу кайталанат жана үчүнчүсүндө «кесирадан» мурун «кесиран» дейт. Кийин 3 жолу мына бул дуба окулат:

«Йа Ханнан, йа Маннан, йа Даййан, йа Бурхан. Йа Зал-фадли вал-ихсан наржул-афва вал-гуфран. Важал-на мин утакаи шахри Рамазан би хурметил Куран».

islamdini.kg

unread,
Jul 4, 2014, 12:23:59 AM7/4/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Ооз ачарда

Суроо: Орозону эмне менен ачуу керек?

Жооп

Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал - береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал - тазалоочу.” [И. Маже]

Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй:

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен ифтар кылчу. Жаңы хурма жок болсо кургатылган хурма менен, ал да жок болсо суу менен ифтар кылчу.” [Тирмизи]

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам ифтарын сүт менен дагы аччу.” [Даре Кутни]

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч хурма менен же от тийбеген бир нерсе менен ифтар кылчу.” [Абу Йа’ла]

 

Ифтар дубалары

Суроо: Орозобузду ачып жатканда же ачкандан кийин кандай дуба кылышыбыз керек?

Жооп

Орозо кармаган адамдын өзгөчө ифтарга жакын кылган дубасы кабыл болот. Үч хадиси шариф:

"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кайтарылбай турган бир дубасы бар.” [Ибни Маже]

"Орозо кармаган адамдын дубасы кайтарылбайт.” [Тирмизи]

"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кылган дубасын Аллаху таала артка кайтарбайт.” [Бейхеки]

Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп "Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Мааниси:

"Эй, кечирими кенен болгон Аллахым! Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял бардык момундарды кечире көр!”

Бираз жеп-ичкенден кийин: "Захабаззама’ вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” – деп окулат жана тамак башталат. Кыскача мааниси: "Ачкалык, суусоо бүттү. Иншааллах сообуна да жеттик.” [Ибни Маже]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам да төмөндөгүдөй дуба кылчу:

"Аллахумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афтарту, фа такаббал минна. Иннака антас-самиул алим.” [Мааниси: "Эй, Рабби, ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сага ыйман келтирдим, сага ишенип, таяндым. Ырыскың менен ифтар кылдым, ибадатымы кабыл кыл! Албетте, сен бардык нерсени Угуучу жан Билүүчү затсың.”] (Абу Давуд)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жамааттын ичинде ифтар кылганда да мындай дуба кылчу:

"Дасторконуңарда орозо кармагандар ифтар кылсын, тамагыңарды такыбаа ээлери жесин жана периштелер силер үчүн истигфар кылсын!” [И. Ахмед]

islamdini.kg

unread,
Jul 7, 2014, 2:22:46 AM7/7/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Динибизге байланыштуу түрдүү суроолор

Суроо: Исламдын беш шарты качан фарз болду?

ЖООП

Ушул убактарда фарз болду:

1- Калимаи шахадат: Мусулмандыктын башталышында фарз болду. Беш шарттан биринчи фарз болгон – бул калимаи шахадат.

2- Беш убакыт намаз: Хижраттан бир жыл мурда Мираж түнү фарз болду.

3- Рамазан орозосу: Хижраттын экинчи жылы, Шабан айында фарз болду.

4- Зекет берүү: Орозо фарз болгон жылы, Рамазан айында фарз болду.

5- Ажылык: Хижраттын тогузунчу жылы фарз болду.

Төрт негизги хадиси шариф

Суроо: Исламияттын негизин билдирген төрт хадиси шариф кайсылар?

ЖООП

Исламияттын төрт негизи мына бул хадиси шариф менен билдирилген.

1- "Амалдар ниеттерге карата.” [Бухари]

2- "Халал жана харам белгилүү.” [Абу Давуд]

3- "Доочунун күбө көрсөтүүсү жана жоопкердин ант берүүсү керек.” [Тирмизи]

4- "Өзү үчүн каалаган нерсени дин бир тууганы үчүн дагы каалабаган адамдын ыйманы толук боло албайт.” [Абу Давуд]

Бул хадиси шарифтен биринчиси ибадат маалыматтарынын, экинчиси муамалат маалыматтарынын, үчүнчүсү адилеттик маалыматтарынын, төртүнчүсү болсо ахлак маалыматтарынын негизи. (Х.Л.О. Иман)

islamdini.kg

unread,
Jul 8, 2014, 2:07:56 AM7/8/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Зекет качан берилет?

Суроо: Зекет качан берилет?

ЖООП

Зекет фарз болгондон кийин берилет. Нисабга жеткен адам бай болгон убагын камерий айга карата бир жерге жазат. Мисалы, 3-Ражабда бай болгон болсо бир жылдан кийин 3-Ражабга келгенде дагы нисаб өлчөмүндө акчасы жана соода мал-мүлкү болсо зекетин берет. Рамазан айын күтпөйт.

Күнү келе электе да зекетин берүүнүн коркунучу жок, өтө жакшы болот, жада калса, келе турчу бир нече жылдын зекетин алдын ала берүу дагы жаиз. Зекетин жаңылыш эсептеп, бир алтын берүүсү керек болгон жерде эки алтын берген адам муну билген кезде экинчи жыл бере турчу зекеттен ушул бир алтынды кемитсе болот.

Зекетти шашылбастан бир жыл ичинде бериш керек деген аалымдар болгону менен тездетип эрте берүү важиб. Себепсиз кечиктирүү макрух болот. Шафии жана Маликиде зекет фарз болгондо дароо берүү фарз. Хадиси шарифте: "Зекет берүүдө шашылгыла!” - деп буюрулду. (Ибни Маже)

Суроо: Зекет Рамазан айында гана берилеби?

ЖООП

Динде ар бир бай болуп эсептелген адамдын зекет берүү айы жана күнү ар кандай болот. Рамазан айын күтпөйт. Эгер Шаввалдын 23дө бай болгон болсо келерки жылдын Шаввалынын 23дө зекет берет. Шавваль айы келе электе Рамазан айында берсе да болот. Бирок, Шавваль айынын 23дө кайрадан мал-мүлкүн эсептейт. Аз берген болсо үстүнө толуктайт. Көп берген болсо артык бергени нафил болот. Б.а., зекетти күнү келе электен мурда берсе да жаиз. Бирок, ошол күн келгенде кайрадан эсептеш керек.

Суроо: Бир устаз: "Зекет бир гана Рамазан айында берилет. Майрамдан мурда бериш керек. Майрамдан кийинкиге таштоого болбойт”, - деди. Зекет күнү толо электер эмне болот?

ЖООП

Бир жаңылыштык бар. Балким фытыр садаканы айткан чыгар. Ар кимдин зекет берүү убактысы ар кандай болот.

Суроо: Мал-мүлкүбүз нисабга жеткенден кийин бир жыл толгондо дароо зекетин берүү жаизби? Бүгүн же эртең зекет берем деп жатып өлсө мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн бериш керекпи?

ЖООП

Зекетти фарз болоору менен дароо бериш керек эмес. Берүүдөн мурда кайтыш болгон болсо мурас кылып калтырган мал-мүлкүнөн берилбейт. Кээ бир аалымдарга карата зекетти кечиктирүү макрух болуп саналат, биринчи мүмкүнчүлүк болор замат берүү керек.
Суроо: Бай болгон күнүбүз белгилүү болбосо, б.а., эстей албасак зекетти качан беришибиз керек?

ЖООП

Кайсы болжол басымдуу ойлонулган (занн-ы галиб кылынган) болсо ошого карап бир убакыт кабыл кылынат. Мындан кийин ошол убакыт негиз кылып кабыл алынат.

Суроо: Нисаб убактым 1-Рамазан. Колумда бар болгон мал-мүлкүм нисаб өлчөмүмдөн ашууда. 1-Рамазан күнү кайсы сааттан тарта зекет мага фарз болот?

ЖООП

Шари күн имсак менен башталат. Имсак убактысынан тарта зекет сизге фарз болот.

Суроо: Зекет бере турган күнү түш ченде акчамды же алтынымды уурдатсам имсак убактысынан кийин зекет берүү мага фарз болгондуктан зекет өлчөмүн кийинирээк колго тийген кезде төлөшүм керекпи?

ЖООП

Жок. Өзүңүз жок кылбагандыктан берүүңүз керек эмес.

Суроо: Зекет күнү келип зекетин бербеген адам кийин кедей болуп, колунда эч акчасы калбаган адамдын зекет карызы кечирилеби?

ЖООП

Мал-мүлктү өзү жок кылса зекет карызы кечирилбейт, акча өзүнөн өзү жок болсо зекет кечирилет. Б.а., мал-мүлктү өзү сарптаса же жок кылса карызы кечирилбейт. Мисалы, биржада акчасын жок кылса же машина, холодильник сыяктуу буюмдарды алып акчасынын бардыгын сарптаса зекет кечирилбейт, зекетин бериши керек болот. Мал-мүлкү уурдалса, жоголсо, өрттөнүп жок болсо же карызга, аманатка берип кайра алалбаса анда зекет бериш керек эмес.

islamdini.kg

unread,
Jul 9, 2014, 2:02:15 AM7/9/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Фытра берүүнүн мааниси

Суроо: Фытранын мааниси кандай? Кимдер фытра берүүсү керек?

ЖООП

Керектей турган буюмдан жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы болгон мусулмандын фытра берүүсү важиб болот. Нисабга ээ эмес болсо фытра берүү важиб болбойт, бирок, берсе жакшы болот. Хадиси шарифте айтылган:

"Фытр садага байларыңарга тазкийа. Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.)

"Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фытр садага берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс]

"Фытр садага орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон күнөөлөрдү тазалайт.” [Байхаки]

Калган үч мазхабда бир күндүк жей турган тамагы бар адамдын фытра берүүсү фарз. Хадиси шарифте: "Фытр садаганы чоң-кичине, бай-кедей баарынын берүүсү керек”, - деп буюрулган. (Абу Давуд)

Дин боюнча бай эмес ар бир адам фытра, зекет ала алат. Керектөөсүндө болгон буюм жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы бар мусулмандын фытра берүүсү важиб болот. Фытра, зекет алуусу харам болот. Фытра нисабына кошула турчу мал-мүлктүн соода үчүн болуусу шарт болбогондой эле колунда бир жыл калган болуусу да керек эмес. Оору сыяктуу кандайдыр бир себептен улам орозо кармай албаган адам да бай болсо фытра берүүсү керек.

Соода үчүн болбогон мал-мүлктүн зекети берилбейт. Түшкөн пайдасы нисабга кошулат.

Нисабга ээ эмес ар бир адам кедей деп эсептелет, зекет ала алат. Нисабга ээ болсо фытра берүүсү важиб болот. Минималдуу айлык алган адам карыздары чыккандан кийин нисабга ээ болсо бай болуп эсептелет, фытра берүүсү керек. [Нисаб 96 грамм алтын же ошонун баасындай акча, соода мал-мүлкү дегенди билдирет.]

Фытра садагасы Рамазан айында берилет. Рамазандан мурда жана Айттан кийин берилүүсү жаиз болгону менен Айт намазынан мурда берилген болуусу көбүрөөк сооптуу. Шафииде Рамазандан мурда берилбейт. Айттан кийинкиге да калтырылбайт.

Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, аялына жана капыр адамга фытра берилбейт. Кедей болуу шарты менен келинге, бир тууганга, атасынын кыз жана эркек бир тууганы, апасынын кыз жана эркек бир тууганы сыяктуу туугандарга, күйөө балага, кайненеге, кайнатага, кайын ини-карындашка, өгөй балага берүүгө болот. Эгер салих болушса жакын тууганга берүү артык сооптуу. Имамейнге карата карызы бар жана кедей адамга аялы фытра бере алат. (Макуфат)

Фытр садаганын өлчөмү өзгөрбөйт. Бир кишинин фытрасы катары ар күн эмес бир ай үчүн жарым саъ буудай же ун же болбосо бир саъ арпа, хурма же жүзүм мейизи берилет. Жарым саъ өлчөмү этияттап алганда 1750 грамм. 1750 грамм буудай же ун же болсосо 3500 грамм арпа, жүзүм мейизи же хурма берилет. Бул азыктардын өзүн же наркынчалык алтын же күмүш берүү керек. Буудай, ун же калгандарын берүү кыйын болсо булардын наркынчалык нан, жүгөрү же кагаз акча да берүүгө болот.

islamdini.kg

unread,
Jul 10, 2014, 2:31:07 AM7/10/14
to islamd...@googlegroups.com
Встроенное изображение 1

Харамдан садага берилеби?

Суроо: Харамдан садага берилсе эмне болот?

Жооп

Харамдан садага берилсе, алган кедей да харамдан экенин билип туруп, садаганы берген адамга "Аллах ыраазы болсун” же "Аллах кабыл кылсын” десе жана берген адам да "Амин” деп айтса, экөө тең куфурга кирет.

Бир адамдын колундагы мал-мүлктүн харам мал-мүлк экени билинмейинче уурдалган же кумардан алынган болсо дагы колундагы бул мал-мүлктүн анын халал мүлкү деп кабыл кылынат. Муну бергенде мулк-и хабис болсо дагы алуу жаиз болот. Берилген нерсенин харамдан экени анык билинсе, ошондо гана алуу жаиз болбойт.

Харамдан табылган мал-мүлктү хадийа (белек) кылып берүү жаиз болбойт. Харамдан табылганын билген адамдын дагы аны алуусу жаиз эмес. Колуна харам мал-мүлк, мисалы, акча түшкөн адам муну ээсине кайтарып берүүсү зарыл. Ээси табылбаса, бир кедейге садага кылып берүүсү керек. Башка жерге берүү күнөө болот. Бул мал-мүлктү алуу кедейден башка адамга жаиз болбойт. Жалгыз мураскордун гана харам мал-мүлк экенин билсе дагы мурасты алуусу жаиз болот. Садага катары бир кедейге берген болсо, ал кедей харам мал-мүлктү өзүнө хадийа кылса, муну өзү дагы колдоно алат.

Мал-мүлкүнүн көбү халал деп эсептелген адамдын берген хадийасын алуу жаиз болот. Мал-мүлкү харам болсо жаиз болбойт.

Ылай суу таза деп кабыл кылынат. Себеби, суунун өзү таза болуп саналат. Нажис (ыплас) экендиги болсо күмөндүү. Табышынын көбү харамдан болгон адамдын берген мал-мүлкүнүн харамдан экени анык билинмейинче бул мал-мүлктү алуу харам болбойт, макрух болот. Мал-мүлкүнүн көбү халал болгон адамдын хадийасын алууга болот. Көбү харам болсо халал деп бергендерин алууга болот. Берип жатып эч нерсе дебеген болсо, изилдеп көрүп, эмне пикирге келсе, ошого ылайык амал кылат.

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages