islamd...@gmail.com |
Пайгамбарларга ишенүү (2)
Бир пайгамбарга моюн сунуп, ага ишенген адам ошол пайгамбардын үммөтү деп аталат. Пайгамбарлар кабырларында бизге белгисиз болгон түрдө жашашат. Алардын ыйык денелери топуракта чирибейт. Пайгамбарлардын көздөрү уйкуда болгону менен алардын көңүл көздөрү ачык болот. Пайгамбардык милдетин орундоодо жана пайгамбардык артыкчылыктары жагынан бардык пайгамбарлар бирдей. Жогоруда көрсөтүлгөн жети сыпат баарында кездешет. Пайгамбар пайгамбарлык милдетинен чыгарылбайт, бошотулбайт. Алар адамдардын арасынан тандалат. Пайгамбарлардын бири-биринен өзгөчөлөнүп турган жактары бар. Мисалы, үммөттөрүнүн көптүгү, элинин көптүгү, илиминин кеңири жайылгандыгы, мужизаларынын көп жана үзгүлтүксүз болушу сыяктуу. Ушул сыяктуу өзгөчөлүктөр жагынан эң жогору турган Мухаммед алейхиссалам болуп эсептелет. Анын үммөттөрү да башка үммөттөргө караганда жогору турушат. Улул-азм деп аталган пайгамбарлар калган пайгамбарлардан жогору жана расулдар да набилерден жогору болот.
Пайгамбарлардын саны
Пайгамбарлардын анык саны белгилүү эмес. Алардын 124 миңден көп экендиги айтылат. Алардын ичинен 313 же 315и Расул. Алардын баарынын жогору болгон алтоо Улул-азм пайгамбарлар де аталышат. Улул-азм пайгамбарлар: Адам, Нух, Ибрахим, Муса, Иса жана Мухаммед (алейхимуссалату вассалам). Отуз үч атактуу пайгамбар бар: Адам, Идрис, Шит, Нух, Худ, Салих, Ибрахим, Лут, Исмаил, Исхак, Якуб, Юсуф, Аййуб, Шуайб, Муса, Харун, Хызыр, Юша бин Нун, Ильяс, Альяса, Зулкифл, Шемун, Ишмоил, Юнус бин Мета, Давуд, Сулайман, Локман, Закария, Яхйа, Узайир, Иса, Зулкарнайн жана Мухаммед (алейхимуссалату вассалам). Булардын ичинен жыйырма сегизинин ысымы Курани каримде берилген. Шит, Хызыр, Юша, Шемун жана Ишмоил Куранда көрсөтүлгөн эмес. Зулкарнайн, Локман, Узайрдын пайгамбар экендиги анык эмес. Ибрахим алейхиссалам - халилуллах, башкача айтканда, Аллахтын адал досу. Анын жүрөгүндө Аллаху таалага болгон махабаттан башка эч нерсе жок эле. Муса алейхиссалам - калимуллах, анткени, ал Аллаху таала менен сүйлөшкөн. Иса алейхиссалам - калиматуллах, анткени, анын атасы болгон эмес. Бир гана "бол” деген буйрук менен энеси аны дүйнөгө алып келген. Адам алейхиссаламды ата-энесиз жараткан Аллаху таала Иса пайгамбарды да атасыз жаратты. Иса алейхиссалам Аллаху тааланын дааанышмандыкка толгон сөздөрүн адамдарга жеткирди. Мухаммед алейхиссалам – хабибуллах, башкача айтканда, Аллаху тааланын сүйүктүү жана эң кадырлуу кулу.
|
www.islamdini.kg |