Хазрети Осман-и Зиннурейн (радыяллаху таала анх) тууралуу 2-баян

3 views
Skip to first unread message

islamdini kg

unread,
Jul 2, 2021, 2:16:36 AM7/2/21
to islamd...@googlegroups.com

Встроенное изображение 1


Экинчи баян: Мухйиссунна Имам Бегави хазреттери “Меалим ут-танзил” китебинде Бакара сүрөсүнүн аягында ыйык мааниси “Мал-мүлктөрүн Аллахтын жолунда инфак кылгандар, тараткандар...” болгон 262-аяти каримасынын тафсиринде Келебиден накыл кылган. Аталган аяти карима Хазрети Осман бин Аффан менен Хазрети Абдуррахман бин Авф (радыяллаху анхума) тууралуу назил болгон (түшкөн). Абдуррахман бин Авф Расулуллахтын (саллаллаху таала алейхи васаллам) даргейине төрт миң дирхам алып келип, алдына койду. “Жанымда сегиз миң дирхам бар эле. Төрт миң дирхамды өзүм, үй-бүлөм үчүн калтырдым. Төрт миң дирхамды Раббиме карыз бердим”, - деди. Расул-и акрам (саллаллаху таала алейхи васаллам) ага: “Үйүңдө калтырганыңа жана карыз бергениңе Аллаху таала береке берсин!” – деди. Осман (радыяллаху таала анх) болсо мусулмандарды Табук казатында курал-жабдыктар менен камсыз кылды. Соода төөлөрүн бардык жабдыктары менен кошо берди. Ошол эки зат тууралуу аталган аяти карима назил болду. Абдуррахман бин Сумра (радыяллаху таала анх) айтат: “Жайш-и Усратта Хазрети Осман миң динар алып келди. Жайш-и Усрат – бул Табук казаты. Хазрети Расулуллахтын (саллаллаху таала алейхи васаллам) кучагына алтындарды төктү. Мен көрдүм. Расулуллах ыйык колун алтындардын арасына салып, аралаштырды. “Османдын мындан ары жасай турган иштери зыян келтирбейт”, - деп айтты.” Аллаху таала хазреттери ыйык мааниси “Аллахтын жолунда мал-мүлктөрүн сарптаган адамдар тараткан нерселери менен алдындагыларды эзада жана миннатта калтырышпайт. Алардын сооп-сыйлыктарын алардын Раббиси берет. Алар үчүн коркуу жана кайгы жок” болгон аяти кариманы жиберди. Миннат – ихсан жана икрам (жакшылык, кайрымдуулук) кылган адамдын: “Мен сага баланча нерселерди бердим, ушунча нерселерди бердим”, - деп, берген нематын колко кылуу, аны капалантуу. Эза – кимге немат берген, ихсан кылган болсо, ошол адамды махжуб кылуу, уятка калтыруу. Же жакшылык кылган адамын билүүсү такыр керек болгон бирөөнүн алдында жакшылык кылганын айтып, уятка калтыруу. Суфян айтат: “Миннат жана эза – “сага бердим, сен шүгүр кылбадың” деп айтуу.” Абдуррахман бин Зейд бин Эслем айтат: “Атам: “Бир адам бир нерсени башка бирөөгө белек кылган болсун. Анан көрсүн, сенин саламың ага оор сезилет. Саламыңды ошол адамдан мурун бере көрбө”, - деди.” Аллаху таала пенделерине ихсан жана жакшылык кылгандан кийин колко кылууну арам кылган. Пенделерине ар кандай нематтарды берип, аларга колко кылбоону өзүнүн зат-и пакине таандык сыпатка айланткан. Анткени, пенденин миннаты – пенденин жакшылык кылуусу, андан кийин колко кылуусу жана капа кылуусу. Хак Субханаху ва таала хазреттеринин миннаты – пенделерине немат берип, пенделерин кубантуусу, ал тургай ихсанын арттыруусу, аларды эскертүүсү. Имам Бегави “Масабих-и шариф”те хасен хадистердин биринде Абдуррахман бин Хаббаб (радыяллаху таала анх) хазреттеринен риваят кылган. Хадиси шарифтин ыйык мааниси мындайча баяндалган: “Абдуррахман мындай деди: “Мен ошол жерде элем. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) хазреттери насаат кылып, кутман сахабаларды Табук казатына үгүттөп жаткан эле. Хазрети Осман (радыяллаху таала анх) ордунан туруп: “Йа, Расулаллах! Жүз төө бардык жабдыктары менен кошо фисабилиллах менден болсун!” – деди. Анан Фахр-и аалам (саллаллаху таала алейхи васаллам) дагы үгүттөдү. Дагы Хазрети Осман (радыяллаху таала анх) ордунан туруп: “Йа, Расулаллах! Үч жүз төө бардык жабдыктары менен кошо фисабилиллах менден болсун!” – деди. Мен көрдүм, Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) минбардан түштү. Кийин: “Эгерде Осман мындан кийин нафилдерден бир амал жасабаса, анын зыяны жок. Анткени, ошол кылган кайрымдуулугу ага бардык нафилдердин ордуна жетиштүү болот”, - деди.” Мутарризи ушундай деген.   


Жазылуу учун 

Mail группасынан чыгуу учун 

Mail гуруппасынын баракчасы 

www.islamdini.kg

Эгер e-mail адресиңиз сиздин кабарыңыз болбой туруп бул сайтка катталган болсо же сайттан келип жаткан каттарды алууну токтоткуңуз келсе, анда ушул адреске бош кат жибериңиз: islamdini-kg...@googlegroups.com

Reply all
Reply to author
Forward
0 new messages