islamd...@gmail.com |
Мусулмандар ахли сүннөт ишениминде болууга тийиш
Мусулман болуунун алгачкы шарты – ыйман келтирүү. Бул "туура ыйман” – "ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде билдирилгендей ишенүү” дегенди билдирет. Ахли сүннөт ишениминде болуу үчүн төмөндөгүлөргө туура ишенүү керек: 1- Ыймандын алты шартына ишенүү кажет. 2- Ыйман көбөйбөйт жана кемибейт. Ыйманда аздык, көптүк болбойт. Бир гана кубаты артып же азайуусу мүмкүн. 3- Чоң күнөө кылган адамдын ыйманы кетпейт. 4- Кайыпка ишенүү керек. 5- Ыйман маселесинде кыяс (салыштыруу) болбойт. 6- Аллаху таала Бейиште көрүнөт. 7- Тобокел – ыймандын негизи. 8- Амалдар, ибадаттар ыймандын бөлүгү эмес. 9- Тагдырга ишенүү – ыймандын шарты. 10- Амалда, ибадат кылууда бир мазхабды кармануу керек. 11- Сахабалардын баарын жана Пайгамбардын ахли бейтин жакшы көрүү, урматтоо кажет. 12- Төрт халифанын даражасы халифалык ирети боюнча. 13- Намаз, орозо, садака сыяктуу нафил ибадаттардын сообун башкаларга багыштоого болот. 14- Мираж – рух жана дене аркылуу жүзөгө ашкан. 15- Олуялардын кереметтери – бул акыйкат. 16- Шапаат кылуу – акыйкат нерсе. Пайгамбарлар, олуялар, шейиттер шапаат кылышат. 17- Маасыга масх тартууга болот. 18- Кабырда сурак болот. 19- Кабыр азабы рух менен денеге бирдей болот. 20- Адамдарды да, алардын арекеттерин да Аллаху таала жаратат. Адамда ирадаи жузийа (тандоо эркиндиги) бар. 21- Ырыскы, насип адамга халал жолдон да, харам жолдон да келет.
22- Олуялардын рухтары менен тавассул кылынат. Алардын урматына деп дуба кылынат. |
www.islamdini.kg |