|
|
|
Урматтуу талапкерлер! Силер жакында эл арасында үгүт жумуштарына аттанган турасыңар. Жашырганда эмне, акча таратуулар да, арак таратуулар да, илик-жарма издемей да ж.у.с иштер болушу ыктымал. Ошонун ордуна, даңкыңарды да чыгара турган, жаш муундардын келечегине да, демек, мамлекетибиздин келечегине да кызмат кыла турган чыныгы граждандык иштерди жасаганга аракеттенсеңер.
Акыркы жолу эл аралык уюмдардын өткөргөн тест сынагында Кыргызстандын окуучулары эң арткы орунду ээлешти. Азыр мектептеокутуунун сапатын кескин көтөрө турган бир нерсе бар. Ал – мектепти учурдун талабына жооп бере тургандай окутуу каражаттары менен куралдандыруу. Булардын эң биринчиси - интернетке туташтырылган компьютердик класс (13 компьютер, жакшы принтер, проектор, ноутбук, интернетке туташтыруучу модем). Бул иштин баасы бир мектеп үчүн орто эсеп менен 6-7 миң доллардан (300-400 миң сом) ашпайт. Президент болом деген мыкты жигиттерибизге ушу сумма арзыбаган бирдемего. Райондогу 10 чакты базалык мектептерге алып берсеңер бул сумма 5 миллион сомго жетет экен.
Эгер ар кайсы мыкты талапкер өз районун ушинтип тейлесе, анан аткарылган иштерди бүткүл республикага жарыяласа, анда алар чыныгы элдин уулдары болушат эле. Ал эми элди аракка сугарып, акча таратып сатып алыш үчүн көп деле акылдын кереги жок. Эл силерденушундай бир өзгөчө азаматтык ишти күтүп турат.